Америкалык актер Том Хэнкс короновирус жуктуруп алганын билдирди

  • 4 года мурун

Америкалык актер Том Хэнкс өзү жана аялы короновирусту жуктуруп алганын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анын айтымында, жубайы экөө тапшырган тест вирус бар экендигин көрсөткөн.

«Салам, достор. Азыр Рита экөөбүз Австралиядабыз. Биз чарчаңкы тартып, жөтөлүп, денелерибиз бир аз ооруп жатканын сездик. Рита улам чыйрыгып, калтырап жатты. Мындан улам тест ташырганыбызда, бизде коронавирус бар болуп чыкты», — деген Хэнкс Twitter баракчасы аркылуу.

Том Хэнкс кино сүйүүчүлөргө «Большой», «Форрест Гамп», «Спасти рядового Райана», «Изгой», «Чудо на Гудзоне» жана башка тасмалары менен таанымал. 2016-жылы ошол кездеги АКШ президенти Барак Обама Хэнкске президенттик эркиндик медалын тапшырган.

Кечээ, 11-мартта, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады. Аталган вирус декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Бүгүнкү күндө коронавируска 126 136 адам чалдыгып, 68 219 бейтап сакайды. Ал эми өлгөндөрдүн саны 4 630га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты