​Мамлекеттик дума Конституцияга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды

  • 4 года мурун

Орусиянын мамлекеттик думасы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырды. Мыйзамды кабыл алууга 383 депутат “макул” деп добуш берди, 43ү пикирин билдирген жок.

Орусиянын Конституциясында парламенттин укуктары кеңейтилди, эл аралык келишимдерге караганда улуттук укук приоритеттүү экени мыйзам менен бекитилди. Конституцияда Кудай деген сөз эске алынып, орус тили мамлекетти түзүүчү элдин тили катары жазылды. Өзгөртүүлөрдө Орусияны аймактарын бөлүү аракеттерине жана чакырыктарга тыюу салынды.

Баш мыйзамга ылайык, Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылып, ага кийинки жолу да мамлекет башчылыгына ат салышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Владимир Путин «Единая Россия» ( «Бирдиктүү Россия») партиясынын депутаты Валентина Терешкованын бул сунушун мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүп жаткан маалда жактырган. Бул өзгөртүүгө ылайык, Путин шайлоого катыша алат жана жеңишке жетсе, 2036-жылга чейин президент болот.

Эми мыйзамды Федерация кеңеши колдошу керек. Ал эми 22-апрелде жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. Эгер орусиялыктар да макул болсо, Конституциялык сот карап чыгып, өз чечимин чыгарат.

Путин 15-январда Федералдык жыйынга кайрылып, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылган. Ага ылайык, Конституцияга Мамлекеттик кеңеш аттуу жаңы орган киргизилет. Президент түзө турган бул кеңеш мамлекеттик ички-тышкы саясатты жана экономиканын өнүгүү багыттарын аныктоо менен алек болот. Депутаттар президенттин сунушу менен өкмөт башчыны, ал эми премьердин сунушу менен вице-премьерлерди жана министрлерди бекитет. Ошол эле учурда президентте өкмөт башчыны кызматтан алуу укугу сакталат. Ал эми Конституциялык сот парламент кабыл алган мыйзамдардын Башмыйзамга шайкештигин текшерип турууга милдеттендирилет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: ТАСС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты