Сапар Исаков эгиз уулдуу болду

  • 4 года мурун

Мурдагы премьер-министр, ЖЭБ модернизациясы боюнча камакта жаткан Сапар Исаков эгиз уулдуу болду.

Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Жубайы Малика Арстанбекова экөө 4 кызды тарбиялап келишсе, эми аларга эгиз уул кошулду.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек жылуулук электр борборунун модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Мурдагы премьер Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган Сапар Исаков 2018-жылы 5-июнда камакка алынып, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

Сүрөт: 24 kg.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты