​Саясий партияларды бюджеттен каржылоо жагы каралууда

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети 10-мартта «Саясий партиялар» тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңеш депутаттары Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков, Мирлан Бакиров.

Депутат Алтыбаева «Саясий партиялар» тууралуу мыйзам долбоору саясий партиялардын ролун чыңдоо үчүн кабыл алына турганын белгиледи.

Мыйзам долбоорунун 14-беренесинде саясий партиялардын ишмердигин мамлекеттик каржылоо жагы каралган. Бул берене 2026-жылдан баштап күчүнө кирүүсү каралган.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар Алтынбек Сулайманов, Иса Өмүркулов, Кенжебек Бокоев саясий партияларды мамлекетик каржылоого маселесине кесиптештеринин көңүлүн бурду.

Айнуру Алтыбаева шайлоочулардын 2% добушун алган саясий партиялар шайлоо кепилдиги каражаты аркылуу мамлекеттик каржылоого алыныш керектигин белгиледи:

«Саясий партиялар шайлоо кепилдиги катары берилген каражаттар мыйзам долбоорунун негизинде саясий партияларды колдоого бөлүнүшү керек» деди депутат Алтыбаева.

Мыйзам долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында, шайлоо кепилдик каражаты 5 % дан кем эмес добуш алган саясий партияларга кайтарылып берилиши каралды.

«Калган сумма шайлоо өткөрүү чыгымдарын жабууга жумшалышы керек» деди депутат Бокоев.

Сүрөттө: Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири — депутат Айнуру Алтыбаева. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты