​Окуучулардан 8-мартка сый уюштурууну суранган мугалим иштен алынды

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-октябрындагы даталуу жана майрамга карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча буйрукту аткарбаганы үчүн мугалим эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жумуштан алынды.

9-мартта социалдык тармактарга мектеп мугалиминин окуучуларды тилдеп, 8-мартка карата сый уюштурууну суранган тасма чыккан.

— Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү кабарлагандай, тасмадагы мугалим райондогу Баки Эшмамбетов атындагы орто мектебинде иштейт.

Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, мугалимдин аракетине юридикалык баа берилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-октябрындагы даталуу жана майрамга карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча буйрукту аткарбаганы үчүн мугалим эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жумуштан алынды.

Мугалимдер арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн мектеп директоруна да тартиптик чара колдонулду, -деп билдирди билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты