​Баткендин таза суу менен камсыздалышы долбоор жыйынтыгында 98%га жетет

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализацияны реабилитациялоо» долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын көмөгү менен аткарылып жаткандыгы белгиленди.

Өкмөткө караштуу суу ресурстары боюнча агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев курулуш иштери жылдын август айында бүтөрүн маалымдады.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жаңы имараты курулуп, керектүү техникалар менен жабдуулар алынган, жаңы канализациялык тутумдардын курулушу аяктоо алдында турат.

Баткен шаары таза суу менен 60%га камсыздалды. Долбоордун жыйынтыгында шаардын таза суу менен камсыздалышы 98%га жогорулайт.

Президент Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты