Зомбулукка каршы акция болуп өттү

Бүгүн, 10-мартта, Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында (Абдумомунов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши) зомбулукка каршы тынчтык акциясы уюштурулду.

Акция Кыргыз Республикасынын гимнин ырдоо менен башталды. Акцияны «ПолитКлиника» медиасынын «фейсбук» баракчасынан түз эфирде көрө аласыз.

Акциянын максаты — 8-мартта жарандардын Конституциялык укугу бузулуп, милиция тарабынан кармалгандыгына каршы, мыйзамдын аткарылышына багытталды.

«Тынчтык митинги — биздин укугубуз!», «Мен Кыргызстанда бактылуу болгум келет!» , «Милицияга алкыш» ж.б. ураандарды айтып турушту.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда Жеңиш аянтында, 8-мартта митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Аларды кийинчерээк бошотушкан.

Милиция кызматкерлери акцияга тоскооолдук келтиргиси келген башка топту иш-чарадан чыгарып кетишти.

Сүрөттө: Зомбулукка каршы тынчтык акциясынын жүрүшүнөн. Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты