​Кыргызстан менен Казакстандын талашы дүйнөлүк соода уюмуна жетти

Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы кеңешинде Казакстандын соода чектөөлөрү менен транзиттик жүк алып өтүүгө тоскоолдуктар боюнча Кыргызстандын дооматы каралды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Уюмдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Казакстан эл аралык соода эрежелеринин талаптарын бузган учурлар тууралуу баяндама жасады. Анда ал 2019-жылдын март айынан бери Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө бараткан жүктөр негизсиз токтотулуп, текшерилип жатканын белгилеген.

Кыргызстандын өкүлү Данияр Мукашев Казакстан киргизген чектөөлөрдүн айынан Кыргызстандын экспорту 2019-жылы 24,4% азайганын айтып, коңшу мамлекет ДСУнун эрежелерин бузган конкреттүү ченемдерди мисал келтирген.

Данияр Мукашев Кыргызстан 2017-жылы да ушундай чектөөлөргө дуушар болгонун эске салды. Ал Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) эсеби менен анда кыргыз экономикасы 200 млн. доллардан ашуун зыянга учураганын мисал келтирди. Казак тарап өз кезегинде аны аткезчиликти ооздуктоо чарасы менен түшүндүргөн.

Ал эми Казакстан бул жолу да жогоруда сөз болгон дооматка макул эмес экенин билдирип, аны четке какты.

Казак тарап транзиттик жүктүн көбү Кыргызстандан аткезчилик жол менен өтүп, салыктар төлөнбөй, казына зыянга учураганын жүйө келтирген. Казакстандын бул уюмдагы өкүлү Жанар Айтжанова 2019-жылы жалган даректерге товар жөнөтүлгөн 2600 факты катталып, транзиттик жүк Казакстандын аймагында калып, салык алынбай сатылган 4800 учур аныкталганын билдирген.

Казакстандын киреше боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Олжас Отар казак өкмөтү муну менен өз кызыкчылыгын коргоп жатканын билдирген болчу:

Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок ал товарлар Казакстандын аймагында сатылган.

«Мисалы, соңку үч айдын ичинде 601 мыйзам бузулган факты аныкталды. Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү жагы көрсөтүлгөн. Бирок ал товарлар Казакстандын аймагында сатылган. Жалпы баасы 5 млрд. теңгеге барабар бул соода жүгүртүүдөн 600 млн. теңгеге жакын салык алынышы керек эле.

Мына ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бизде транзит менен өтүп бараткан оор жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломбалар коюлуп жатат. Анткени жол документтери боюнча Орусияга жүк тартып баратканы көрсөтүлгөн жүктөрдүн көпчүлүгү Казакстандын шаарларында калып, ал жактагы базарларда сатылып жаткан учурлар катталган. Ошол электрондук пломбалар аркылуу жандоочтон жүк ташуучу автоунаалардын каякка баратканы байкоого алынып, алардын товарлары Казакстандын аймагында калганы аныкталганда тиешелүү чара көрүлүп, жүк артка кайтарылат».

Буга чейин Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө байланыштуу андагы кезек күткөн оор жүк ташуучуу автоунаалардын тыгыны 10 чакырымга чейин созулуп, кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр зыянга учураганы кырдаал боюнча кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясына билдирүү жиберген. Бирок бул уюмдун аны жөнгө салуу укугу болбогондуктан кыргыз тараптын өтүнүчү кароосуз калган.

Бул ирет Дүйнөлүк соода уюмунун башкы кеңешинде Казакстан тарап коюлган дооматтарды четке каккандыктан Кыргызстандын өкүлчүлүгү маселени уюмдун талаштарды жөнгө салуучу органында көтөрөрүн жарыялады. Буга удаалаш эле казак тарап да Кыргызстанга доомат коюп, аталган уюмга даттанган болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты