25 миң доллар пара доолаган салык кызматкерлери кызматтан бошотулду

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын үч кызматкери ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду.

Буйрукка 9-мартта салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Ленин районунун салык органынын башчысы, ушу органдын бөлүм башчысы жана башкы инспектору кызматтан бошотулду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери С.Р. жана Н.Ш. ны кармаган. Алар салыкты текшерүүнүн жакшы жыйынтыгын камсыздоо үчүн жеке компаниянын бухгалтеринен 25 миң доллар доолаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты