​Журналисттик иликтөө: Жасалма окуу китептери кайдан пайда болууда? (Видео)

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, орус тилдүү мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу 72%, ал эми кыргыз тилдүү мектептер 86% ды түзөт. Жалпысынан борбор калаабызда эле 456 миң окуу китеби жетишпейт.

Окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет 120 млн сом жумшайт. Мамлекет бардык окуучуларды китеп менен толук камсыз кыла албаса да, негедир китеп базарларында окуу куралдарынын көптөгөн түрү бар. Анын басымдуу бөлүгү — контрафакттык китептер. Жасалма китептер кайдан пайда болууда?

Китеп базарынан атайын сатылып алынган китептерди талдаганыбызда, аларды басып чыгаруу үчүн ири басмакананын кереги жок экени белгилүү болду. Болгону — жөнөкөй, кичинекей көчүрмө жабдуу гана жетиштүү.

Кененирээк иликтөөдө:


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты