​Түркия элчилиги «Вефа» борборунун соттук иштери тууралуу билдирүү таратты

  • 4 года мурун

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги “Вефа” соода борборунун соттук иштеринин айланасындагы талкуулар боюнча билдирүү таратты. Анда мындай деп айтылат:

— “Вефа” соода борборуна тиешелүү соттук ишке байланыштуу акыркы күндөрдө чындыктан алыс түрдө талкуулоо жүрүп жаткандыгынан улам төмөндө белгиленгендерди коомчулуктун назарына сунуу муктаждыгы жаралды.

Аталган соттук иште тараптардан бири — Түркия Республикасынын мамлекеттик мекемеси болгон Сактык аманат камсыздоо мамлекеттик фонду (Tasarruf Mevduatı Sigorta Fonu – TMSF) болуп эсептелет. Бул мекеме “Вефа” борборун алдоо жолу менен өткөрүү аракеттери башталгандан мурун, “Вефа” борбору “Өзгүр иншаат” ачык акционердик коомунун карамагында болгон.

2016-жылдын апрель айында Түркиянын соттук чечими менен “Өзгүн иншаат” АК улутташтырылган жана атайын башкаруучу дайындалган.

2019-жылдын 25-октябрында Түркиянын соттору кабыл алган чечими аркылуу аталган кыймылсыз мүлктүн Өзгүн Иншаат ААКга / Түркиянын сактык аманат камыздоо мамлекеттик фондуна тиешелүү экендигин жана Кыргыз жарандарына (“Аруу Жылдыз” ишканасынын башкы мүдүрү Умсун Назарбекова) мыйзамга ылайыктуу түрдө (ишеним кат берүү аркылуу) өткөрүлүп берилбегендигин өкүм кылышкан.

Соттук жараян бул жүйөнүн негизинде ишке ашырылып жатат.
Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүлөрүндө жалаа катары кабыл алына турган деңгээлдеги айыптоолорду айткан Умсун Назарбекованын бул укуктук негизи болбогон сөздөрү жазылып алынды. Маселенин бул өңүтүнө укуктук жактан өзүнчө баа берилет, — деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты