​Кой-Таш окуясы боюнча сот жабык өтөт

  • 4 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 23-мартта башталат, сот отуруму жабык өтө турган болду. Бүгүн, 6-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чечим чыгарды.

Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Буга чейин соттолуп жаткандар жана адвокаттар соттун ачык өтүшүн талап кылып келишкен. Айыптоочу тарап да буга каршы болгон эмес.

Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы сот отуруму Биринчи май райондук сотунда өтүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты