​Журналист Болот Темировго кол салуу боюнча сот жылдырылды

  • 4 года мурун

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу боюнча Биринчи Май райондук сотунда каралчу иш белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу журналист «фейсбук» баракчасында билдирди. Анын маалыматына караганда, 6-мартта саат 09:30га белгиленген сот отуруму болбой калды.

Журналист Темировду сабоо фактысы боюнча шек саналып жаткандар сотко алып келинбегендиктен, сот отуруму жылдырылганын судья Марат Сыдыковдун катчысы «Азаттыкка» билдирди.

9-январда,түшкө маал Factcheck. kg порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен.

Болот Темировго кол салуу боюнча кылмыш иши телефонду уурдоо боюнча козголду.

Бирок Болот Темиров кол салуу журналисттик иши менен байланыштуу деп эсептейт.

Factfheck.kg басылмасы бир катар резонанстуу журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты