Араб Эмираттары кыргыз паспорту менен жүргөн казакстандык банкирди экстрадициялады

  • 4 года мурун

Бириккен Араб Эмираттары 4-мартта Казакстанга БТА Банктын мурдагы топ-менеджери Рустам Ибрагимовду экстрадициялаганы белгилүү болду. Банкир Алматынын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Ал БТА Банктын активдерин аталган банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязов менен бирге тышка чыгарып кетүүгө катышы бар деп шектелүүдө.

Казакстандын Башкы прокуратурасы маалымдагандай, Ибрагимов Бириккен Араб Эмиратында кыргыз паспорту менен жүргөн. Ал казак, араб жана кыргыз коопсуздук органдарынын биргелешкен операциясынын алкагында паспорту мыйзамсыз деп табылган соң кармалган.

БТА Банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен. Мекенинде аны «БТА банктан миллиарддаган долларларды уурдап алып чыгып кеткен» деп айыпташат. Издөө жарыялангандан кийин Аблязов Францияда кармалып түрмөгө камалган. Ал жерде үч жыл отуруп бошонуп чыккан.

2017-жылы Алматы соту Мухтар Аблязовду БТА Банктагы акча уурдоо иши боюнча 20 жылга сыртынан соттогон.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты