​Жогорку Кеңеш кызматкерлерине кол көтөргөн аял кармалды

  • 4 года мурун

4-мартта ИИМдин кызматкерлери Бишкекте Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аялдын аты-жөнү такталды.

Ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга тиешелүү чараларды көрүү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери да кайрылган.
Кармалган Ч.Н. га тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылар боюнча Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

2-мартта камактагы Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте, Ала Тоо аянтында митингге чыгышты. Алар Садыр Жапаровго боштондук берилишин, өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.

Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден кийин 166 киши кармалган. 162 киши бошотулду, төртөө камакка алынган.

Сүрөт: АКИ пресс видеосунан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты