​Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин камакка алынды

  • 4 года мурун

Митингден кийин кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу камак жайына алынды.

Бул тууралуу чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Каныбек Осмоналиевге бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы боюнча айып тагылууда.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден кийин 166 киши кармалган. 162 киши бошотулду, төртөө камакка алынган, алардын бири-Каныбек Осмоналиев болду.

2-мартта камактагы Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкекте, Ала Тоо аянтында митингге чыгышты. Алар Садыр Жапаровго боштондук берилишин, өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты