​Өзбекстанда коронавирустан улам коомдук иш-чараларды токтото туруу сунушталды

  • 4 года мурун

Өзбекстан саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абал турукташканга чейин калкты коомдук ишчараларды өткөрбөй турууга чакырды.

Бул Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлиги менен элдик билим берүү министрлиги биргеликте кабыл алган токтомдо жазылган.

Документке ылайык, Өзбекстандын бардык окуу жайларында көзөмөлдү күчөтүү, инфекция тууралуу кеңири маалымат берүү, жеке гигиена эрежелерин сактоо жана курч респиратордук белгилер аныкталган учурда тезинен кабарлоо талабы коюлду.

Саламаттык сактоо министрлиги окуу жайларда тазалыкты сактоого, сабак учурунда бөлмөлөрдү тез-тез желдетүүгө үндөдү.

Ар бир билим берүү мекемесинин жетекчиси санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы жана дезинфекциялык иштер үчүн жоопкерчиликтүү болот.

Мындан тышкары абал турукташканга чейин эл аралык жана коомдук иш-чараларды, анын ичинде спорттук мелдештерди өткөрүүнү токтото туруу маселеси коюлган.

Өзбекстан коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Италия жана Ооганстан менен аба каттамдарын убактылуу токтоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты