​Абылгазиев: “Кытай менен чек ара жабылышынан бажы төлөмүнүн көлөмү түшүүдө”

  • 4 года мурун

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө боюнча селектордук кеңешмеде билдирди.

“Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытайга туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. “

“Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагы ишканалардын, ишине дагы таасир берет.

Башкача айтканда, коронавируска байланыштуу жагдай бюджет жана экономика үчүн кандайдыр бир анык эмес жагдайды жаратууда”

деди Абылгазиев.

Сүрөт: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты