​Аскар Айтматов: «Женгиз Фырат боюнча соттун чечими мени канаттандырган жок»

  • 4 года мурун

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат анын кадыр-баркына жана кызматтык репутациясына доо келтирди деп, айткандарын төгүнгө чыгарышын жана коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылып, жарандык доо менен сотко кайрылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кечээ, 2-мартта, ал доо арыз каралды. Бирок сот Аскар Айтматовдун доосун канаттандырбаган чечим кабыл алды.

«Сот менин доо арызымды канаттандырбаган чечим кабыл алды. Азырынча сот чечими колума тие элек. Чечимди алган соң, кийинки сот инстанциясына аппеляциялык арыз менен кайрылам» деди Аскар Чыңгызович.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат коомчулук алдында Аскар Айтматовду ФЕТО деп аталган террористтик уюмга тиешеси бар деп билдирип, Аскар Айтматовдун кадыр-баркына жана кызматтык репутациясына залакасын тийгизгендигине байланыштуу доо келтирилген.

«Фыраттын айткандары чындыкка жатпайт жана адамды кордоого тете. Мен эч убакта ФЕТО уюмунун мүчөсү болгон
эмесмин. Ал уюмдун ишмердигине катыштыгым жок» деп билдирди Аскар Айтматов.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов бул жарандык доо, ошондуктан Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрликтери түшүнүү менен кабыл аларына ишене турганын кошумчалады.

Аскар Айтматов Женгиз Фыратка кат менен кайрылып, маселени чечүүгө аракет кылып келгендиги белгилүү. Сотко доо арыз 2019-жылдын 1-ноябрында эле берилген. Түрк элчиси сот отурумуна келбей, анын себебин Вена конвенциясынын дипломатиялык мамилесине шылтаган. Бирок бул Женгиз Камил Фыратка элчи катары эмес, жеке адам катары берилген жарандык доо арыз болгондугу белгиленди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты