​Бүгүн — юридикалык жактарга салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 2-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Бул тууралуу салык кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу, салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.

Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

2-мартка чейин салык декларациясын ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты