​Бишкекте «Тулпар» системасы толук ишке киришти

  • 4 года мурун

Бүгүн, 1-марттан баштап, Бишкекте муниципалдык транспортто “Тулпар” системасы толук ишке киришти.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ар бир муниципалдык автобус, троллейбуста консультанттар болот, алар “Тулпар” системасын түшүндүрүп жана системанын иштешин көзөмөлдөп турат.

“Тулпар” карточкаларын “Кыргызпочтасынан” алууга болот. Картанын баасы — 50 сом. Бир жолу жүрүү — акысыз.

Пенсионерлер кызыл карточкасын райондук акимчилик жана аймактык башкармалыктан алса болот. Алуу дарегин бул шилтемеден кароого болот: http://www.meria.kg/ru/post/19834.

Кызыл карточка ала элек пенсионерлер 1-марттан баштап күбөлүгүн көрсөтүп акысыз жүрө алат. Тулпар картасын толтуруу боюнча маалымат бул шилтемеде: https://www.tulpar-card.kg/about/pay/

Бишкек мэриясы өткөн жылдан баштап коомдук унаада “Электрондук билет” долбоорун киргизген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты