​Депутат Абдылдаев: «Орто-Токойдо» суу жең ичинен сатылууда»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев “Орто-Токой суу сактагычында суу жең ичинен сатылып кетип жатканын айтып чыкты.

-Орто-Токой» суу сактагычында июнь айында эле суу калбай калууда. Таң калыштуу, ал кайда кетип жатат? Ачыгын айтып коелу, анын 42 пайыздан ашыгы сатылып кетүүдө. Ошондон улам, дыйкандарыбыз жайкысын сугат суусуз калууда.

Бул тууралуу депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеште жазгы-талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Суу ресурстары агенттигинин башчысы Абдибай Жайлообаев «Орто-Токой» суу сактагычында жыл сайын 140 млн куб суу топтоло турганын, аны менен 148 миң гектар жерди сугарса болорун, анын ичинде Казакстандын да үлүшү бар экенин, Кыргызстан азыр анын 22 пайызын гана колдонуп жатканын белгиледи.

«Суу «Орто-Токой» суу сактагычынан эле келбейт, орто жолдон дагы бери дегенде 10 суу кошулат. Бишкек шаарынан эле үч ири суу бар. Азыр рынок заманы, суунун наркы болушу керек. Биз дыйкандарды сугат суу менен толук камсыз кылууга тийишпиз. Мен баарын дыкат иликтеп чыгып, видеого тарттырып койдум, Эми июнь айында «Орто-Токой» суу сактагычында канча суу калганын көрөбүз.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эки тараптуу келишимге ылайык «Орто-Токой» суу сактагычынын 52 пайызы Кыргызстанда калып, 48 пайызын Казакстан пайдаланууга тийиш.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты