Чүй ИИБ КСДП мүчөсү эмнеге кармалганын түшүндүрдү

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы КСДП мүчөсү Доктурбай Төлөгөновдун эмнеге суракка алынганын билдирди.

Чүй ИИБ маалыматы боюнча, Төлөгөнов жалпы республика боюнча жүрүп жаткан түшүндүрүү иштеринин алкагында 29-февралда Ысык-Ата райондук милициясына алынып келинген. Бир саат маектешүүдөн кийин кайра коё берилди.

Ошондой эле өлкөдө коомдук коопсуздук, кылмыштуулук боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп анын алкагында милициянын каттоосунда тургандар текшерилип жатканы кабарланды.

Буга чейин КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдбуаева аталган партиянын мүчөсү Доктурбай (Орозбек) Төлөгөновду Ысык-Ата ИИБине кармап кеткенин билдирген. Андан Садыр Жапаровду колдоо боюнча 2-марттагы митинг жана анын катышар-катышпасы тууралуу сураганын «фейсбук» социалдык баракчасында жазган.

Жолдубаева 2-мартта боло турган митингге КСДПнын тиешеси жок экенин айтып, басымды токтотууну суранган

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты