​Коронавирустан сактануу кеңештери: мифтер жана жоромолдор

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу кеңештерди берди.

Суроо: — Жаңы коронавирус (2019-nCov) аары чакканда жугабы?

Жооп: — Жаңы коронавирус аары чакканда жукпайт.

Жаңы коронавирус – респиратордук вирус, ал негизинен абадан жугушу мүмкүн, б.а. жөтөлгөндө, чүчкүргөндө.

2019-nCoV коронавирусунун аары чакканда жукканы тууралуу азырынча маалымат жок.

Инфекциядан сактаныш үчүн жөтөлүп же дене табы көтөрүлүп жаткан кишиден алысыраак аралыкта туруңуз. Ошондой эле колуңарды жууп, респиратордук гигиенаны сактаңыздар.

Суроо: — Жаш балдардын заарасы коронавирустун алдын алабы?

Жооп: — Жаш баланын заарасы коронавирустун алдын албайт.

Заара вирусту же бактерияны өлтүрө албайт. Заарада азыраак өлчөмдө вирустук же бактериялык материал болушу мүмкүн.

Колду жаш баланын заарасы менен сүртүү жаңы коронавирустан сактабайт. Колду спирти бар каражат же суу менен самындап жууш керек. Буюмдардын үстүн дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалагыла.

Суроо: — Баңгизат, мисалы, кокаин колдонуу жаңы коронавирустан арылтабы?

Жооп: — Кокаин колдонуу жаңы коронавирустан сактабайт, тескерисинче ден соолукка зыяндуу болушу мүмкүн.

Кокаин — берилип кетүүнү чакырган баңгизат. Аны колдонуу саламаттыкка зыяндуу болуп, кошумча натыйжа бериши ыктымал.

Суроо: -№95 сыяктуу беткапты кайталап колдонууга же аларды жууганга болобу? Аларды антисептик менен стерилдөөгө болобу?

Жооп: — Жок. Медициналык плиссе (жалпак) же № 95 беткапты кайталап колдонууга болбойт. Эгер сиз жаңы коронавирус жуккан киши менен тыгыз байланышып же башка респиратордук инфекциясы бар кишинин жанында болсоңуз, анда беткаптын сырт жагына инфекция жуккан деп эсептөөгө болот.

Беткапты пайдалангандан кийин анын алды жагына тийбей, чечип ыргытып жибериш керек.

Беткапты чечкенден кийин колду спирти бар антисептик жана суу менен самындап жууш керек.

Суроо:- Дезинфекция үчүн ультра сыякызыл лампа (УФ-лампа) жаңы коронавирусту жогото алат деген чынбы?

Жооп: -УФ лампаны колду же теринин башка жактарын стерилизация үчүн пайдаланууга болбойт, себеби ультра сыякызыл нурлар эритеманы (теринин сезгенишин) чакырат.

Суроо: — Дененин көрүнгөн жактарын этанол же хлор акиташы менен сүрүп чыгуу жаңы коронавирусту жоготууга жардам береби?

Жооп: — Жок. Денени спирт же хлор акиташы менен сүртүү организмге кирген вирусту жоготууга жардам бербейт. Андай заттарды чачыратуу кийимге жана чел кабыкка (көз, ооз көңдөй) зыяндуу. Спирт хлордуу акиташ сыяктуу эле, бир нерсенин үстүн сүрүүдө натыйжалуу, бирок аны өз максатында жана эрежени сактоо менен пайдалануу зарыл.

Жаңы коронавирустан сактануу үчүн бир катар алдын алуу чаралары бар. Алгач колду спирти бар антисептик же суу менен самындап жууш керек.

Суроо: — Кытайдан кат же жиберген нерселерди алуу коопсузбу?

Жооп: — Ооба, кооптуу. Кытайдан жөнөтүлгөн нерсени алып жатып жаңы коронавирус жуктуруп алышыңыз ыктымал.

Мурдагы иликтөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус конверт же почта аркылуу жиберилген нерселер аркылуу жукпайт.

Суроо: — Үй жаныбарларынан коронавирус жугабы?

Жооп: Азыркы учурда үй жаныбарлары, мисалы, ит же мышыктан жугат деген далил жок.

Ошентсе да үй жаныбарларынын жанында болгондон кийин колду суу менен самындап жууш керек. Бул сизди жаныбарлардан жугуп калчу бактериядан, ички ичеги-карын вирусунан же сальмонелледан сактайт.

Суроо: — Коронавирустан пневмония вакцинасы сактайбы?

Жооп: — Пневмонияга каршы вакцина же гемофилия таякчасы, алсак (Hib-вакцина), жаңы коронавирустан сактап кала албайт.

Бул вакциналар жаңы коронавируска каршы натыйжасыз болгону менен башка респиратордук дарттарга натыйжалуу.

Суроо: — Мурунду туз аралашмасы менен дайыма чайкоо коронавирустан сактайбы?

Жооп: — Мурунду туз аралашмасы менен чайкоо коронавирустан арылтаары тууралуу илимий маалымат жок.

Айрым маалыматтар боюнча мурунду дайыма туздуу суу менен чайкоо кадимки суук тийүүдөн сактайт. Бирок ал респиратордук инфекциядан сактайт деген далил жок.

Суроо: — Чеснок коронавирус жугузуп алуудан сактайбы?

Жооп: — Чеснок- ден соолукка пайдалуу, анын белгилүү бир деңгээлде микробго каршы касиеттери бар. Ошентсе да азыркы учурда коронавирустун алдын-алуу боюнча чесноктун натыйжалуулугу аныктала элек.

Суроо: — Кунжут майы менен терини майлоо коронавирус жугузуп алуудан сактайбы?

Жооп: — Жок. Кунжут майы коронавирусту өлтүрө албайт. Бир нерсенин үстүңкү бетин хлор акиташ, хлору, эфир эриткичтери, 75% спирти бар, уксусу бар кислота жана хлорофору бар дезинфекция каражаттары менен сүртүү 2019-nCoV вирусунан сакташы мүмкүн.

Ошентсе да аталган каражаттар менен денени, мурун алдын сүртүү көп деле жардам бербейт. Ал химиялык заттар менен денени сүртүү кооптуу да болуп эсептелет.

Суроо: — Коронавирус менен бир гана улгайгандар же жалаң гана жаштар ооруйбу?

Жооп: — Коронавирус бардык жаштагы кишилерге жугуп калышы ыктымал. Айрым дарты бар улгайган кишилер (мисалы астма, диабет, жүрөк оорулары) оор формадагы коронавирус менен ооруп калуу тобокели бар.

Суроо: — Антибиотик дарылар коронавирус инфекциясын алдын алуунун натыйжалуу каражаты болуп эсептелеби?

Жооп: — Жок. Антибиотик вируска каршы тура албайт. Ал бактериялык инфекцияны гана дарылайт.

2019-nCoV бул вирус, ошондуктан ал коронавирус инфекциясын дарылоодо пайдаланылбайт.

Ошентсе да коронавирус жуккан сыркоолорго башка бактериялык инфекцияны дарылаш үчүн антибиотик дайындалышы мүмкүн.

Суроо: — Жаңы коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана дарылоо үчүн дары-дармек барбы?

Жооп: — Азыркы тапта жаңы коронавирустун алдын-алуу жана аны дарылоо үчүн дары-дармек жок.

Ошентсе да дарт жуккан сыркоолорго дарт белгилерин жеңилдетиш жана жок кылыш үчүн тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт. Ал эми абалы оор болгондорго тиешелүү медициналык жардам берилет.

Азыркы учурда жаңы коронавирусту айыктырыш үчүн атайын дары-дармек чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат, ал клиникалык сынактан өтүшү керек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бир катар шериктештери менен жаңы дары-дармек чыгарууну тездетүү боюнча көмөк көрсөтүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңештеринен которуп даярдаган: Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты