​Депутат Карамушкина Атамбаевдин ордуна түрмөгө отурууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мындай деди:

“Ар бир эрежеде чегинүү болот. Мына ошондойдо алмашуу деген бар.

Силер баары бир Атамбаевдин айланасында калгандар жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшкөндөргө өзгөчө оор беренелерди “илип койдуңар”. Нормалдуу, ак ниет жарандардан кылмышкер жасап, сотторго сүйрөдүңөр.

Мен мындай сунуш киргизем: Атамбаевди күрөөгө коё бергиле, күрөө катары мен өзүм барам. Мени отургузгула, Атамбаевди коё бергиле!

Бул эрдик же жел өпкөлүк эмес, бул “өзүң өлсөң да, жолдошуңду сактап кал” дегендик» деди ал.

2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жеенбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, 14. Асангелди Какебаев аттуу жарандар кылмыш-жаза кодексинин 39, 309-беренелери, бийликти күч менен басып алуу, 355-берене, бийлик өкүлүнө коркунуч келтирүү же күч колдонуу, 337-берене, тергөөчүнүн ишине тоскоол келтирүү, 244-берене, барымтага алуу, 264-берене, жапырт баш-аламандык, 130-берене, киши өлтүрүү, 39, 130-беренелер, киши өлтүрүүгө аракет, 253-берене, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, 257-берене, курал-жаракты уурдоо жана куралды тартып алууга аракет, 338-берене, сотко чейинки ишке байланыштуу ага коркунуч келтирүү же күч колдонуу беренелери боюнча кылмышка шектүү деп табылды.

24-февралда кылмыш иштерине байланыштуу баш прокуратуранын айыптоо актысы бекитилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты