«Азия Ньюс» Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө тийиш

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.

Чечим 26-фералда чыкканын «Азаттыкка» гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

«Гезиттин редактору Аслан Сартбаев жана биз да шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан эми Жогорку сотко кайрылалы деп жатабыз» деди Турдукулов.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Министр «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр декабрь айында Жунушалиевдин «Азия Ньюска» каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыккан. Гезит райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылган.

«Азия Ньюсту» мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, 1 миллион сом доого чыккан.

Мындан тышкары гезит ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөмөр болгон.

Сүрөт: ИИм сайты

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты