Лондондогу кыргыз элчилигинин иш-чарасына Стенли Жонсон катышты

  • 4 года мурун

Лондондогу кыргыз элчилигинин иш-чарасына Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсон катышты.

Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамера орнотууга катышканы боюнча айтып берди. Мекенибиздин ажайып кооздугуна суктанган Европарламенттин 80 жашар мурдагы депутаты, азыркы белгилүү активист жана жазуучу жыйынга катышкан британиялык туркомпанияларга Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

25-февралда айтылуу «Роял» географикалык коомунда “Кыргызстан туризм Роудшоу” аттуу британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган иш-чараны Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчилиги жана туризм департаменти бирге уюштурду.

Лондондо өткөрүлгөн жолугушуу жуманын аягына чейин Манчестер менен Эдинбург шаарларында дагы уланмакчы. Аракетти коштоп мекендик 12 туркомпаниянын өкүлдөрү жана “Мурас” элдик аспаптар тобу да Британия сапарына аттанышкан.

Элчиликтин аракети менен «Түрк аба жолдору» компаниясы Улуу Британиядан Кыргызстанга 2020-жылы аттанган туристтик топторго 20%га арзандатылган билет сатылаарын жарыялады.

Сүрөт: ТИМ КР.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты