​Каракол: мал базардын ээлери ижарага алган муниципалдык жер камакка алынды

Караколдогу мал базардын ээлери муниципалдык жерди туура эмес пайдаланып жаткандыгы тууралуу журналисттик иликтөөдөн кийин шаардык сот ижарага берилген жер тилкесин камакка алган чечим чыгарды.

Өткөн жылдын ноябрь айында CABAR.asia порталынын журналисттери Караколдогу мал базардын ээлери муниципалдык жерди ижарага алып, аны туура эмес пайдаланып жатышканы тууралуу журналисттик иликтөө жүргүзүшкөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Бакыт Түлөжановго ижарага берилген жер коммерциялык эмес максаттагы убактылуу объектилерди орнотууга 5 жылга берилгени аныкталган, тагыраагы, авто токтотуучу жайды уюштурууга берилген. Ал келишимге ылайык, Бакыт Түлөжановдун капиталдык курулуштарга акысы жок болчу. Иш жүзүндө ал жерде дагы бир мал базар пайда болгон.

Автотоктотуучу гана жай боло турган жерге мал базар пайда болгон. Фото CABAR.asia

Ижарага алган адам жерди келишимде көрсөтүлгөн максатта пайдаланган эмес, ал жерге токтотулган машинелерден дагы, сатылган малдын башына дагы акча алып турган. Түлөжанов келишимдин айрым шарттарын аткарган, бирок аны дагы мыйзам бузуу менен, тагыраак айтканда, бирок бул жолу санитардык нормаларды сактаган эмес.

Түлөжанов ижарага алган жерден үчүнчү кишилерге азык-түлүк павильондорун орнотууга субижарага берген, бул санитардык нормаларга такыр туура келбейт. Аны менен катар эле Түлөжанов ижарага алган жерине кошуп, ага тиешеси жок жерлерди дагы кошуп, бетон дубал менен тосуп алган.

Иш жүзүндө ал ээлеп алган жер тилкелери маңдайындагы “Эльдан” тегирменине тиешелүү болгон.

“Эльдан” тегирменинин маңдайы, план боюнча бул жер жол катары ачык болушу керек болчу. Фото CABAR.asia

Ага кошумча Түлөжанов тегирмендин дубалынын жанынан өткөн Чокан Валиханов көчөсүн дагы өзү билемдик менен тосуп алган, Каракол шаарынын ар бир көчөсү, жер тилкеси ачык, так көрсөтүлгөн darek.kg – веб-сайт расмий булагына ылайык мындай тосуп алууга жол берилбеши керек болчу, анткени, Чокан Валиханов көчөсүнөн электр берүүчү линиялар өткөнүнө байланыштуу ал кайтарыла турган аймак болуп саналат.

Иликтөөнүн жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталган:

– ижарага алынган жер документте көрсөтүлгөндөй авто токтотуучу жай жана коммерциялык эмес объектилерди орнотууга эмес, мал базар катары колдонулуп жатат;

– жанында жайгашкан жерлерди мыйзамсыз пайдаланып, андан пайда көрүп жатканы;

– экологиялык жана санитардык нормалардын бузулушу;

– Чокан Валиханов атындагы көчө толугу менен жабылып, ал аймак жүк ташуучу машинелерди токтото турган жана мал жүктөй турган эстакада катары колдонулуп келген.

Жыйынтыктар

“Элдан” тегирменинин жетекчиси Кантемир Байзаковдун айтымында, Ысык-Көл облустук прокуратурасы жүргүзгөн расмий иликтөөсүнүн алкагында бардык фактылар далилденип, иш Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп берилген.

Кийинчерээк Бакыт Түлөжанов Валиханов көчөсүн жаап алып, авто токтотуучу жай, мал жүктөөчү эстакада катары колдонулуп келген аймакты тоскон бетон дубалдарды бузган, анын жыйынтыгында, көчө мурдагыдай болуп ачылды.

Мурда жабык болгон Ч.Валиханов көчөсү азыр толугу менен ачык. Фото CABAR.asia

Шаардык соттун чечими менен ижарага алынган жер камакка алынды, азыр ал жер тилкеси коммерциялык максатта колдонулбай калды.

Бакыт Түлөжанов соттун бул чечимин жокко чыгарууну суранып жогорку инстанцияга кайрылууну пландап жатат. Бул маалыматтарды өзүнөн тактоо үчүн ага байланышууга аракет кылдык. Макала даярдалып жаткан учурда Түлөжанов журналисттер менен байланышка чыкпай койду.

“Элдан” тегирменинин жетекчиси Кантемир Байзаков Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык жерди башкаруу департаментинин Бакыт Түлөжановго жерди ижарага берген аукционунун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгарууну көздөйт. Ал аукцион кандай мыйзам бузуулар менен өткөнүн дагы мурдагы иликтөөлөрүбүздө айтып бергенбиз.

“Каракол: мал базардын ээлери муниципалдык жерди туура эмес пайдаланып жатышат” деген иликтөөнүн түп нускасы менен бул шилтемеден тааныша аласыздар.

Алена Хоменко

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты