Кой-Таш окуясы боюнча айып корутундусу чыкты

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айып корутундусун чыгарды жана корутунду тууралуу билдирүүнү шектүүлөргө берди.

Бул тууралуу КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева «фейсбук» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, айыпка шектүү деп төмөнкүлөр эсептелди:

1. Алмазбек Атамбаев
2. Фарид Ниязов
3. Равшан Жеенбеков

4. Ирина Карамушкина

5. Асел Кодуранова
6. Кундуз Жолдубаева
7. Канат Сагымбаев
8. Мээрбек Мискенбаев
9. Фархат Баабиев
10. Канат Осмоналиев
11. Рыспек Карыпбек уулу
12. Марат Шаменов
13. Нооруз Капарбек уулу
14. Асангелди Какебаев.

Жолдубаева билдиргендей, тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. Айыптоо корутундусу 500 баракка чейин турат.

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты