​УКМК: «Теракт болот» деп коркуткан киши кармалды

  • 4 года мурун

«Инстаграмда» «теракт болот» деп жалган маалымат тараткан Чүй облусунун тургуну, 18 жаштагы жаштагы Р. Юнузов кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 24-февралда «Инстаграмдагы» News.kg баракчасында _roma7unuzow аттуу колдонуучу «шаардагы универсал дүкөнүндө саат 17:30да террористтик акт болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн. АКШ доллары төлөндү» деп жазган.

УКМК бул жаранды аныктап, комитеттин башкы тергөө башкармалыгына алып барды.

Бул факт жазык кодексинин 239-беренеси(«Терроризм менен коркутуу») боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Суракта шектүү өз кылыгына өкүнүп, бейбаштыктан улам пикир жазганын билдирди. Т

Теракт тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Бул берене менен кармалгандар 7-10 жылга эркинен ажыратылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты