​Текебаев менен Чотоновдун үй камагы узартылды

  • 4 года мурун

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагы 25-апрелге чейин узартылды.

Ошондой эле алардын иши боюнча сот териштирүүсү да эки айга узартылды.

Бул тууралуу партиянын тарапташтары билдирди.

Мамлекеттик айыптоонун Өмүрбек Абдрахманов, Азат Базаркулов сыяктуу күбөлөрдүн отурумга келүүдөн баш тартышына коомдук-саясий кырдаалдын өзгөргөнү негиз катары айтылууда.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген. Мурдагы чечимдер жокко чыгарылган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин 29-августта Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаев менен Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты