​Үч өлкөдөн келген жарандар карантинге алынат

  • 4 года мурун

Жапония, Түштүк Корея, Ирандан тышкары Италия жана башка оору күч алган мамлекеттерден келген жарандар Кытайдан келгендер менен катар эле карантинге алына баштады.

Мындай чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы талабына байланыштуу киргизилгени 24-февралда өкмөттө коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында маалымдалды.

Штабдын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок. Медициналык мекемелерде 143 адам көзөмөлдө, ал эми 391 адамга жашаган жериндеги медициналык кызматкерлер көз салып турушат. Өлкөнүн бардык чек араларындагы өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Штабдын жыйынында Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана башка тийиштүү мекемелердин жетекчилери аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдашты.

Жыйында коронавирус оорусу, анын жайылуусу жөнүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кытай менен чек аранын жабылуусунан улам өлкөдө экономикалык көрсөткүчтүн төмөндөп кетүүсүнө, дары-дармек жана азык-түлүк баалары жөнсүз көтөрүлүүсүнө жол бербөө тууралуу тапшырмалар берилди.

24-февралда коронавирус жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды.

Учурда оорудан каза болгондордун саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Өлкөнүн мамлекеттик басма сөз каражаттары кабарлагандай, вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапкан.

Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду.

Италияда 150 киши дартка чалдыгып, үч киши каза тапканы маалым болду. Бийлик COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында өлкөнүн түндүгүндө, анын ичинде Венецияда эл көп чогулчу жыйындарга тыюу салды.

Вирустун очогу болгон Кытайда өпкөнү сезгентчү бул илдетке кабылгандардын саны 77 миңден ашты. 2500 киши көз жумду.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдагы коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты