​Тажикстан коронавируска байланыштуу Иран менен аба байланышын токтотуу маселесин кароодо

  • 4 года мурун

Тажикстандын бийлиги Иранда коронавирус жайылып жаткандыктан, бул өлкө менен аба байланышын токтотуу маселесин кароодо.

Акыркы чечим качан кабыл алынары айтыла элек. Тажикстандан Иранга аптасына эки жолу учак каттайт.

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Азиз Набизоданын айтымында, Иранда эпидемия басаңдаганга чейин Тегеран менен Мешхед шаарларына учууларды токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

5-февралда Тегеран-Душанбе-Бишкек-Тегеран-Бишкек багытындагы алгачкы каттам ишке ашкан. Varesh Airlines иран авиакомпаниясы дүйшөмбү сайын жүргүнчүлөрдү ташууда.

Тажикстандан Иранга түз каттамдар 2019-жылы 6-июнда жандандырылган. Varesh Airlines компаниясы бейшемби сайын Мешхед — Душанбе — Мешхед багыты боюнча каттоодо.

Кум шаарында коронавирус инфекциясынан кишилер өлгөн учурлар катталгандан кийин Түркия, Грузия, Ирак жана Кувейт Иран менен аба каттамдарын убактылуу токтотту.

Ирандагы кырдаалга байланыштуу Түркия жана Армения бул өлкө менен чек арасын да жапты. Ооганстан Иран менен Пакистандан тоок жана жумуртка алып кирүүгө тыюу салды.

Грузия да чек арада көзөмөлдү күчөтүп, өлкөгө Иран жарандарынын кирүүсүнө чектөө койду.

Пакистан дагы Иран менен транспорттук каттамын токтотту.

Ирандын саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, өлкөдө 785 адам вирус жугузган деп шектелүүдө, өлгөндөрдүн саны сегизге жетти. Ооруга чалдыккандар жана андан набыт болгондордун көпчүлүгү Тегерандан 120 чакырым аралыктагы Кум аймагында катталган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы.

Сүрөт: Tasnim.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты