​Түркмөнстандын мурдагы президенттери өмүр бою депутат болушат (Видео)

Түркмөнстандын мурдагы президенттери өмүр бою Улуттук Кеңештин парламенттин жогорку палатасынын мүчөсү болушат.

Бул сунуш 24-февралда Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттиги жарыялаган Конституциянын жаңы долбоорунда камтылган.

Долбоорго ылайык, мурдагы президент кызматын тапшыргандан кийин өзү баш тартпаса, Улуттук Кеңештин мүчөсү бойдон калат. Буга чейин Түркмөнстандын Конституциясында мурдагы президенттердин тагдыры жөнүндө айтылган эмес. Болгону, эгер президент катуу ооруп калса, анын милдеттерин парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы аткарары гана жазылган.

Бирок Түркмөнстандын тарыхында бул принцип иштей элек. 2006-жылы биринчи президент Сапармурат Ниязов каза тапкандан кийин межлис төрагасына кылмыш иши козголуп, мамлекет башчынын милдеттерин вице-премьер Гурбангулы Бердымухамедов аткарып калган. 2007-жылы ал толук кандуу президент болуп шайланган.

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунда президент катуу ооруп калса, анын милдеттерин Улуттук Кеңештин башчысы аткарары жазылган. Төрага жашыруун добуш менен шайланат жана бир эле учурда министр, аким, судья жана прокурор кызматтарын аткара албайт. Буга чейин мындай чектөө межлистин мүчөлөрүнө гана тиешелүү болуп келген.

Түркмөнстанда мыйзам чыгаруу бийлигин реформалоо 2019-жылы күзүндө сунушталган. Президент Бердымухамедов демилгелеген идеяга ылайык, өлкө кош палаталуу парламенттик системага өтөт. Учурда Түркмөнстан парламенти бир палатадан гана турат. 125 депутат беш жылга шайланат, формалдуу түрдө бул орган көп партиялуу болуп эсептелет.

Улуттук Кеңеш Ниязовдун тушунда чоң таасирге ээ болгон жана президенттин бардык чечимдерин бекитип берип турган. Бердымухамедов бийликке келгенде ал жоюлган, анын ордуна аксакалдар кеңеши түзүлгөн, бул орган өлкө жашоосунда олуттуу ролго деле ээ эмес. Улуттук Кеңеш 2018-жылы күзүндө кайрадан чогулган. Дал ушул орган коммуналдык жеңилдиктерди жойгон.

Сүрөттө: Түркмөнстан межлиси. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты