​Финансы полициясы жана салык кызматынын кызматкерлери кармалды

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финполиция) жана салык кызматынын кызматкерлерин кармады. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз товар ташып келүү боюнча айыпталууда.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз товар ташып келүү боюнча айыпталууда.

Финполиция кызматкери Б. У. Р. салык кызматынын жооптуу кызматкери А.С.М. менен келишип алып Кыргызстанга салык төлөбөй товар алып кирүү үчүн каражат чогултуп алып турган.

Кармалгандар УКМК убактылуу камак жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, коррупция боюнча жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты