​Кыргызстандан Түркияга барган турист саны өсүүдө

  • 4 года мурун

Өткөн жылы Кыргызстандан Түркияга 121 миң 364 турист барды. Бул өткөн жылдагыдан 6 438 кишиге көп.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин маалыматы боюнча, 2019-жылы 52 миллион турист кабыл алган Түркиянын кирешеси 34,5 миллиард долларды түзүп рекорддук чекке жетти.

Түркия 2020-жылы 58 миллион турист кабыл алып, кирешесин 40 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө.
Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун берген маалыматтарына ылайык, 2019-жылы дүйнөлүк туризм 4 пайызга өскөн.

2019-жылы Түркия туристтерди кабыл алуу боюнча Франция, Испания, АКШ, Кытай жана Италия мамлекеттеринен кийин 52 миллион туристти кабыл алып, 6-орунду ээледи.

Түркиянын маданият жана туризм министирлигинин статистикалык маалыматына ылайык, 2019-жылы Түркия бир жыл мурункуга караганда 14,11 пайызга жогору, 52 миллионго жакын турист кабыл алды.

Орточо эсеп менен киши башына 666 доллар туура келип, киши башына бир күндүк акча коротуу 68 долларды түздү.

Түркияга эң көп турист Россия, Германия жана Болгариядан келди
2019-жылы Азербайжандан 901 миң 723, Казакстандан 455 миң 724, Өзбекстандан 255 миң 138 турист, Кыргызстандан Түркияга 121 миң 364 турист барды.

Бир жыл мурун Кыргызстандан 114 миң 926 киши барган.

Сүрөттө: Түркия, Анкара. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты