Юридикалык жактарга салык декларациясын тапшырууга 10 күн калды

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактарда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун аякташына 10 күн калгандыгын эскертет.

1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ошондой эле 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты