Президент Жээнбеков — өлкөнүн парламентинин жыйынында

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү Президенттин катышуусу менен өттү.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү абал, алдыдагы шайлоо жоопкерчилиги тууралуу сөз козгоду.

Президент өлкө экономикасын көтөрүү, калк турмушун жакшыртуу, журт биримдигин чыңдоо, эл ичинде туруктуулукту сактоо маселелерине кайрылып, бул багытта мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтери ырааттуу иш алпарып жатканын белгиледи.

«Биргелешкен аракеттердин натыйжасында жер-жерлерде бир топ иштиктүү демилгелер көтөрүлүп, алардын алгачкы ийгиликтери сезиле баштады. Мындай алгылыктуу аракеттер мындан ары да улантылат», — деди Президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты