​Бишкекте Венгриянын элчилиги ачылды

  • 4 года мурун

Кечээ, 19-февралда, Бишкекте Венгриянын элчилиги ачылды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти маалымдады.

Ачылыш азем КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун катышуусу менен өттү.

Айдарбеков Венгриянын Кыргыз Республикасында дипломатиялык өкүлчүлүгүн түзгөндүгүн кыргыз тарабы жогору бааларын, дипломатиялык өкүлчүлүктүн маанилүү жана практикалык багыты, мааниси бар экендигин баса белгиледи.

Тараптар биргелешкен күч-аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты өз ара мамилелердин жогорку дараметтүү жаңы стратегиялык деңгээлине алып чыгарына ишеним билдирди.

“Венгриянын жетекчилигинин элчиликти ачуу тууралуу чечими биздин элдерди мындан ары жакындатат жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө түрткү берет деп ишенем. Венгрия Кыргызстан үчүн боордош өлкө. Биздин өлкөлөрдү илгертен бери тарыхый жана маданий байланыштар бириктирип турат. Биздин элдердин ортосунда жакындык жана бир туугандык мамилелер бар, мунун өзү биздин байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө жагымдуу негиз түзүп берет” деп белгиледи Ч.Айдарбеков.

Венгрия дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салттуу активдүү катышып турарын КР ТИМ башчысы белгиледи. Эки мамлекеттин ортосунда тыгыз саясий диалог орнотулган. Ушул жылы Президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга расмий сапары пландалганы тууралуу маалымдады.

Сүрөттө: Элчиликтин ачылышы. ТИМ.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты