Кимсановду Матраимов коркутту деген Президентке кайрылуу боюнча иш иликтенүүдө (Видео)

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов Президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жасап, Райымбек Матраимовдун коркутуп жатканын айткан. Ош облустук ИИБ бул иш боюнча бейбаштык беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирди.

Эмирбек Кимсановдун айтымында, анын агасы Матраимовдордун коррупциялык ишине катышуудан баш тартып, бажы кызматынан 2018-жылы бошонуп кеткен.

Мурдагы бажы кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Кимсановго жаңы кызмат сунуштап, ал баш тарткандан кийин коркута баштагандыгы тууралуу сөз болот.

Ошондон улам Эмирбек Кимсановдун жашырынып жүргөнү айтылып, Президентке жардам сурап кайрылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул видео кайрылууда айтылгандар боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгондугун ЖМКга билдирди.

Сүрөт: фейсбук баракчадан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты