​Абылгазиев: “Инвесторго ишенбөөчүлүк бул мурдагылардын катасынын кесепети”

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыда соода-логистикалык борбор куруу ниетинен кайткан инвесторлор тууралуу пикирин билдирди.

“Тилекке каршы, биз коомчулуктун инвесторго карата калыс жана объективдүү мамилесин калыптандыруу үчүн убакыт керек экенин моюнга алышыбыз керек. Өкмөттүн бүгүнкү күч-аракеттери буга чейинкилердин олуттуу катачылыгынын кесепетин тартууда” деди Абылгазиев.

Өлкө тарыхында алыскы районго соода-логистикалык борборун уюштурууга миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор мамлекеттин эч кандай кепилдигисиз алгачкы ирет келгендигин, долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак экенин баса көрсөттү.

Бирок учурда жергиликтүү эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

Биз сырттан таңууланган жана нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген бул пикир жалган, ушак жана фейк маалыматтарды таратуу аркылуу активдүү жайылтылган деп ишенебиз” деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясы индустриалдык соода-логистикалык борборду куруу долбоорун жаба турган болду. 200 гектер жерди 49 жылга ижарага алуу келишими жокко чыгарылганы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты