​Төрага Жумабеков БАЭге барды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барды.

Бул тууралуу парламент басма сөз кызматы кабарлады.

Делегацияны Абу-Даби шаарындагы аба майданынан Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаш тосуп алды.

Парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар.

Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты