Казак полициясы Кордойдогу тополоң үчүн шектүүлөрдү кармады

  • 4 года мурун

Казак полициясы Кордойдогу тополоңго түрткү берген мушташка байланыштуу деген жүйө менен дунган улутундагы үч бир тууганды кармады.

Воингуй аттуу үй-бүлөнүн өкүлдөрүнө «полицияга кол салган» деген айып коюлуп жатканын Казакстан башкы прокуратурасы 18-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү Кордойдун Шордөбө айылында полиция үч бир туугандын бири айдап бараткан машинени токтоткон.

Бирок айдоочу автоунаанын документтерин жана күбөлүгүн көрсөтө алган эмес. Ошондой эле полиция бекетине баруудан баш тартып, жакын жердеги эки бир тууганынын үйүнө кире качкан.

Андан соң бир туугандар үйдөн чыгып, полиция кызматкерлерине кол салышкан. Бийликтин мындай версиясы боюнча Воингуй үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү дунган коомчулугунун пикири азырынча белгисиз.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо үч адам полиция кызматкерлери менен мушташып жатканын көрүүгө болот.

Казак бийлиги дал ушул мушташ Кордойдогу дунгандар менен казактардын чатагына жеткиргенин билдирген. 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Шордөбө, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болгон. 40 киши жаракат алган, 25 турак үй, 31 коммерциялык объект, 41 машина өрттөлгөн. Бул окуяда каза болгондордун саны кийинчерээк 11 кишиге жеткен. Бир нече миң дунган улутундагылар Кыргызстанга качууга аргасыз болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты