​Кыргызстандыктар үчүн Түркияда иштөөгө уруксат алуу акысы алынып салынды

  • 4 года мурун

Түркиянын үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызмат министрлиги тарабынан кыргызстандыктар үчүн эмгектенүүгө уруксат алуу үчүн төлөнүүчү акы (223 АКШ долларын түзүп келген) алынып салынды (учурда лирадан которгондо, 175 АКШ долларын түзөт).

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги Түркия элчилигинин расмий билдирүүсүнө таянып билдирди.

Бул акы 2019-жылдын 26-июнунан тартып алынып салынды.

Азыркы күндө Кыргызстандын жарандарынын эмгектенүүсү үчүн уруксат акысын Кыргыз Республикасынын жумуш издеген жарандары эмес, Түркиянын аймагындагы жумуш берүүчү тарап түздөн-түз төлөп бериши керек.

Министрлик Кыргыз Республикасынын иштөө үчүн Түркия Республикасына кетүүнү пландап жаткан жана документтерин тариздөө үчүн жеке агенттиктерге кайрыла турган жарандарын Түркияда иштөөгө уруксат алуу үчүн акча төлөбөөгө чакырат.

Иштөөгө уруксат алуу үчүн акы төлөөгө мажбурлаган фактылар болгон учурда министрлик маамлекеттик миграция кызматына кабарлап коюусун өтүнөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты