​Кыргызстандагы эркин экономикалык аймагы боюнча эксперимент кыйрады

Кыргызстандагы беш эркин экономикалык аймактын чындыгында бирөө гана иштеп жатат. Бирок анын өлкө экономикасына кошкон салымы өтө эле аз.

Макаланын түп нускасы Cabar.Asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Кыргызстанда өзгөчө аймактар 1991-жылдан 2011-жылга чейин пайда болгон. Мисал катары Дубайдын экономикасын гүлдөтүп жиберген Джебель-Али өзгөчө экономикалык аймагы жана Кытайдын кедей жашаган райондорун өнүккөн аймактарга айланткан эркин экономикалык аймагы эл аралык тажрыйбасы алынды.

Эркин экономикалык аймактар (СЭЗ) өзгөчө салыктык тартипте иштейт. Преференциялар алардын максаты жана тапшырмаларына жараша коюлат. Кыргызстанда алар өлкөнүн эл аралык рыноктордо атаандаштыгын жогорулатуу максатында түзүлгөн. СЭЗ субъектилери экспортту көбөйтүү үчүн иштейт деген максатта түзүлөт, ошондуктан алардын ишмердүүлүгү мыйзамдарга ылайык бардыксалыктардан бошотулган.

“КР аймагындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндөгү” мыйзамдын 1992-жылдын 16-декабрындагы редакциясынын 8-беренесинде так жазылган:

Эркин экономикалык аймакта өндүрүлгөн продукцияны Кыргызстандын бажылык аймагынан башка жакка экспорттоо квоталоодон бошотулат. Бир жылдын жана лицензиялоонун ичинде Кыргызстандын бажы аймагына экспорттоо СЭЗ аймагындагы жалпы өндүрүлгөн көлөмдүн 30%ынан ашпашы керек.

Мына ушуга ылайык, өлкөдөгү өзгөчө аймактардагы ишканалардын орун алуусунун негизги талабы өндүрүлгөн продукциялардын 70%ы башка үчүнчү өлкөлөргө экспорттолушу керек эле.

Бирок “Эркин экономикалык аймак жөнүндөгү” мыйзамга бир нече жолу, минимум тогуз жолу, өзгөртүүлөрдү киргизип отуруп, экспорт менен импорттун так бөлүнүшү боюнча пропорция алынып салынган.

Central Eurasia Transboundary Research Network аналитикалык компаниясынын жетекчиси Денис Бердаков бул өкмөттүн эң чоң катачылыгы болгонун айтат.

“30га 70% деген норма туура болчу, бирок ал жакка [СЭЗге] технологиялык, өнөр-жай продукциялары кирет деген шартта. Бирок, мындай компаниялардан суроо-талап болбогонуна байланыштуу иш жүзүндө бардыгын катарынан алууга туура келген. Алар үчүн дагы, Кыргызстандын экономикасы үчүн дагы бул норма пайдасыз болчу.Ошондуктан, башынан эле экспортко багытталбаган ишканаларды киргизүү туура эмес болду. Жыйынтыгында, ал норманы алып салышты, ошону менен СЭЗ идеясы өзүнөн өзү жок болду”, — дейт Бердаков.

Эгерде компания өзүнүн продукциясын үчүнчү өлкөлөргө эмес, Кыргызстандын ички рыногуна экспорттосо башка компаниялар сыяктуу эле салык төлөйт. Ошентип өзгөчө аймакка кирүүнүн мааниси өзүнөн өзү жоголду.

Өзгөчө аймактар жана ал аймакта болуу үчүн төлөмдөр

Эркин экономикалык аймакта иш жүргүзүү үчүн сатылган товар, жумуш жана кызматтын 0,5-2%ы төлөнөт.

Кыргызстандын ар бир эркин экономикалык аймакта иш жүргүзүүнүн шарттары ар башка. Мисалы, “Бишкек” СЭЗинде иш жүргүзүү үчүн өлкөнүн ичине товар киргизсе өндүрүлгөн товар, жумуш же кызматтын 2%ы төлөнөт, ал эми Кыргызстандан сырткары жакка экспорттосо өндүрүлгөн товардын, жумуштун жана кызматтын 1%ы төлөнөт.

Ал эми «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» СЭЗдеринде иш жүргүзүү үчүн товарын Кыргызстандын ичине чыгарса дагы, үчүнчү өлкөлөргө экспорттосо дагы өндүрүлгөн товардын 1%ы төлөнөт.

Кыргызстандагы иштеп жаткан беш эркин экономкикалык аймактын ичинен эң көп компания иштеп жатканы – бул “Бишкек” СЭЗи. Айрым эксперттердин пикиринде, бул өндүрүгөн продукциясын сатып иштеп жаткан жалгыз СЭЗ.

“Ал жакта өндүрүлгөн продукциясынын 99%ын сатышат. “Лейлек” сыяктуу эркин экономикалык аймактар инфраструктурасынын жоктугунан жок болушту”, — дейт Бердаков.

!function(){«use strict»;window.addEventListener(«message»,function(a){if(void 0!==a.data[«datawrapper-height»])for(var e in a.data[«datawrapper-height»]){var t=document.getElementById(«datawrapper-chart-«+e)||document.querySelector(«iframe[src*='»+e+»‘]»);t&&(t.style.height=a.data[«datawrapper-height»][e]+»px»)}})}();

Иш жүзүндө эркин экономикалык аймактар тууралуу кеп болгондо баары эле “Бишкек” СЭЗин түшүнөт. Бардыгынын көңүлү ошол жакка бурулган.

Инвестиция жана жумушчу орундар

“Бишкек” СЭЗинин аймагында 17 өлкөдөн келген инвесторлор иштейт. 2019-жылдын 9 айында эле СЭЗ 17 млн долларлык инвестиция тарткан.

Ал эми өлкөнүн масштабынан алганда «Бишкек» СЭЗи өлкөгө түшкөн инвестициянын жалпы көлөмүнүн 3,13%ын түзгөн. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2019-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга тартылган инвестициянын көлөмү 393,73 млн доллар болгон.

Бирок инвестиция өсүп атат деп айтууга болбойт, субъектилердин саны беш жылдын ичинде кыскарган. 2014-жылы 357 компания иш жүргүзгөн болсо, бүгүнкү күндө 310 компания иштеп жатат.

“Бишкек” СЭЗиндеги бизнеске туруктуу кызыгуу 2014-жылдан 2017-жылдарга чейин болгон, бул аймактагы субъектилердин жыл сайын өсүүсү +14 компания болуп турган.

Ошону менен катар эле ишканалардын саны жумуш орундарынын саны менен дайыма эле түз байланышта эмес. “Бишкек” СЭЗиндеги эң жумушчу орун көп түзүлгөн учур 2016-жылга туура келет, бул учурда 377 компания иш алып барган. Ошол эле учурда 2018-жылы 399 компания иштеп жаткан учурда 2,9 миң гана жумушчу орун түзүлгөн.

Эгерде жумушчу орундарын түзүү боюнча жалпы Кыргызстандын масштабын алып караганда, СЭЗ көп деле салым кошкон эмес – 0,1%дан бир аз көбүрөөк жумушчу орунун түзгөн (Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2018-жылы 2,54 млн жумуш оруну эсептелген).

!function(){«use strict»;window.addEventListener(«message»,function(a){if(void 0!==a.data[«datawrapper-height»])for(var e in a.data[«datawrapper-height»]){var t=document.getElementById(«datawrapper-chart-«+e)||document.querySelector(«iframe[src*='»+e+»‘]»);t&&(t.style.height=a.data[«datawrapper-height»][e]+»px»)}})}();

СЭЗ аймагында эң көп компания иш алып барган учур 2017-жылга туура келген – 399 ишкана. 2018-жылы алардын саны кескин кыскарган, бир эле учурда 101 ишкана ишин токтоткон. Денис Бердаковдун айтымында буга 2019-жылдын 1-январынан тарта кирген жаңы эрежелер себеп болгон.

“Өз продукциясын ички жана тышкы рынокко сатуу пропорциясын сактабагандар эркин экономикалык аймактан чыгып кетиши керек болчу”, — дейт эксперт.

СЭЗдеги ишканалар кандай ишмердүүлүк жүргүзөөрүн анализдеп көрсөк, жогорку технологиялык өндүрүш көп эмес.

!function(){«use strict»;window.addEventListener(«message»,function(a){if(void 0!==a.data[«datawrapper-height»])for(var e in a.data[«datawrapper-height»]){var t=document.getElementById(«datawrapper-chart-«+e)||document.querySelector(«iframe[src*='»+e+»‘]»);t&&(t.style.height=a.data[«datawrapper-height»][e]+»px»)}})}();

Өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү менен экспортко жөнөтүлгөн көлөмдү салыштырып көрсөк, товарлар менен кызматтардын көп бөлүгү ички рынокто калат деген бүтүм чыгарсак болот.
Бул кыйроо

Эркин экономикалык аймактарда кандайдыр бир буюмдарды комплектилеп, чогултуп кошуна өлкөлөргө экспорттоо идеясы башында эле кыйраган дейт Денис Бердаков. Буга инфраструктуранын начардыгы, аны өнүктүрүүгө акча аз жумшалганы себеп болгон.

Экономист Искендер Шаршеев дагы СЭЗ ийгиликсиз эксперимент болгонун айтат. Ал жакка бажы төлөмдөрүсүз сырьелорду алып келебиз деп ойлошкон. Бирок, Кыргызстан Бажы союзуна мүчө болгондон кийин укуктук коллизия пайда болгон.

“Сырьену арзан алып келип сата албай калдык. Анткени, Бажы кодекси СЭЗ үчүн атайын шарттарды караган эмес. Азыр эркин экономикалык аймактагы ишканалар Кыргызстандын аймагындагы кадимки ОсООлордой эле чыгымдарга туш болуп жатышат, айырмасы болгону 1,5-2%. Буга байланыштуу СЭЗ структурасынын өзүн эффективдүү эмес жана түшүнүксүз деп айтса болот”, — деп түшундүрөт Шаршеев.

Мыйзамдардын кайра-кайра өзгөрө бериши дагы таасирин тийгизген. Эксперттердин айтымында, бул нерсе СЭЗдин баалуулугун жокко чыгарган.

Бул кырдаалды өзгөртүүгө депутаттар киришип, мыйзамга кезектеги өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Сунушталып жаткан документте принципиалдуу өзгөртүүлөр жок. Кызмат көрсөткөн СЭЗ фирмаларга иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү боюнча өзгөртүүлөр бар. Бирок бүгүнкү күндө СЭЗ субъектилеринин ичинен 7,1%ы кызмат көрсөткөн компаниялар болуп саналат.

Ольга Русланова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты