​Жапаровдун тарапташтар кеңсесине тыңшоочу аппарат коюу боюнча кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

Камактагы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын кеңсесине тыншоочу аппаратка окшогон нерсе коюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, 17-февралда саат 17:00дө “Илбирстеги” кеңседен тыншоочу аппаратка окшогон нерсе табылганы тууралуу Давлетбек Жапаровдон билдирүү түшкөн. Ал ошол аппараттты ким койгондугун аныктап, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты кылмыш жана жоруктар реестрине жеке жашоонун кол тийбестигине доо келтирүү беренеси менен катталган.

Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты