БШК: Каттоосун алмаштырса да, паспортто тиешелүү белгиси жоктор шайлоого кирбейт

  • 4 года мурун

Мыйзам талаптарына ылайык, каттоосун алмаштырган, бирок паспортто тиешелүү белгиси жок жарандар, шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт.

Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШК ошондой эле 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмеси мамлекеттик каттоо кызматынан борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Шайлочулардын алдын — ала тизмесине 340 479 киши же Кыргызстандын шайлоочуларынын жалпы санынан дээрлик 10%ы киргизилди.

Мыйзам талаптарына ылайык, каттоосун алмаштырган, бирок паспортто тиешелүү белгиси жок жарандар, шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт.

2020-жылдын 22-февралында шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторуна илинет. Ушул учурдан тартып үстүбүздөгү жылдын 27-мартын кошо алганда ар бир шайлоочу жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоого катышуу үчүн шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшере алат.

Шайлоочулардын тизмесинде шайлоо участогуна келип же www.tizme.gov.kg шилтемеси аркылуу “Тизме” порталынан, ошондой эле 119 номерине чалып, өзүн текшере алат.

Тизмеден так эместикти тапкан учурда же ал тизмеде жок болсо, ар бир жаран 2020-жылдын 28-мартына чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине кошуу жөнүндө арыз (1-форма боюнча) менен паспортун (ID-картасын) көрсөтүп, көчүрмөсүн арызга тиркеп, тиешелүү участоктук шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.

Мында шайлоочу биометрикалык иденттештирүүдөн өтөт. БШК ар бир шайлоочу биометрикалык иденттештирүүдөн өтүүгө тийиш экендигин эскертет, бул башка бир шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана добуш берүүгө катышууну бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Жашаган жер боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоодон өтүүгө мүмкүн.
Региондор боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмелери менен төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири таанышса болот.

Бул тууралуу БШК маалыматтык кызматы кабарлады.

Жогорку Кенеште жакында шайлоо өтө турган шаарларда жарандар жапырт айылдардан шаарларга катталып жаткандыгы тууралуу маселе каралды.

Шайлоого 60 күн калганда шайлоочулардын саны боюнча маалымат, БШК сайтына илиниш керек болчу. 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө 60 күндөн аз убакыт калды. Бирок тизме илинген жок. Мыйзам нормасы бузулду, -деп Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирген.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 12-апрелге белгиленди.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты