​Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдарга “жакшы эмес” көңүл буруу

Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдарды киреше жана чыгаша булактары боюнча отчет берүүгө кайрадан милдеттендирүү аракеттери болуп жатат.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталына жарык көргөн.

Мындай мыйзам долбоорун парламенттин депутаттары иштеп чыкты жана бул документке негиздеме катары, бул уюмдар коммерциялык иштерди жүргүзбөсө дагы, мезгилдүү отчет берип турууга милдеттүү деп жазылат. Бул коммерциялык эмес уюмдар кандай максатта эмне иш менен алек болуп жатканын, кандай жыйынтыктарга жеткенин мамлекет көрүп турушу керек деп түшүндүрүлөт.

Мындай өзгөртүү киргизип жаткан демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, сунушталып жаткан өзгөртүүнүн жардамы менен эл бейөкмөт уюмдардын жасаган жакшы иштерин жакындан билишет.

“Биз алып чыгып жаткан бул мыйзам, чет өлкөдөн келген акчалар ачык болсун деген максатта жасалып жатат. Ар бир тыйынына чейин кандай максатта коротконун көрсөтүп беришсин. Биз бейөкмөт уюмдар кантип отчет берүүсүнүн механизмин өкмөт иштеп чыксын деп жатабыз. Эл канча акча келип, кайда жумшалып жатканын ачык билсин. Бүгүнкү күндө жакшы иш жасап жаткан бейөкмөт уюмдар бар, алар тууралуу эч ким билбейт. Эгерде баары ачык болсо, алардын жасап жаткан иштерин баары билет”, — дейт эл өкүлү.

Бул механизмге ылайык, гранттык же бюджеттик каражат менен иш алып барган бейөмөт уюм жыл сайын киреше жана чыгашалары тууралуу өмөткө отчет берип турушу керек. “Бул талаптарды бузса Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат” деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Депутаттар коммерциялык эмес уюмдардын гранттык каражаттар боюнча чыгымдары тууралуу отчет берген Казакстан, Тажикстан, Түркменстан, Армения, Азербайжан, Белорусия жана башка өлкөлөрдү мисалга келтиришүүдө.

Чет элдик тыңчылар

Бул Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлдөөгө жасалган биринчи аракет эмес.

2014-жылы чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев демилгелеген болчу. Ал мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлөр аркылуу каржыланган коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар “чет элдик тыңчыларга” теңелген эле.

Коммерциялык эмес уюмдар бул мыйзам долбоорго каршы чыгып, коомдук талкууларды жана митингдерди өткөрүштү. Европалык Кеңештин Венециялык комиссиясы, ОБСЕ, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация жана Кыйноолорго каршы эл аралык уюм дагы бул мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Чет элдик тыңчылар мыйзамына каршы Бишкекте өткөн митинг. 2016, май. Photo: Kaktus.media

2016-жылдын май айында, эки жылдык талкуудан кийин парламент бул демилгени четке каккан.

Бирок айрым аткаминерлер жана чиновниктер маал-маалы менен бейөкмөт секторун көзөмөлдөөнү күчөтүү маселесин көтөрүп келишкен.

2019-жылдын мартында Аялдардын эл аралык күнүнө карата ЛГБТ коомчулугу дагы катышкан чуулгандуу марштын парламентте талкууланып жаткан учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев Орусиянын жолу менен кетүүнү сунуштаган.

“Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам бүгүнкү күндө абдан зарыл болуп турат. Эң башкы көйгөй келип жаткан каржылоо көзөмөлсүз болуп жатканы. Каржы кайсыл жактан келип жатат, кайсыл жакка, кандай багытта жумшалып жатат, аны кайсы уюм лоббилеп жатат? Ошондуктан, эгер бизде бул мыйзам кабыл алынганда, бул кыймылды кайсы уюм демилгелеп жатканын, кайсы чет элдиктер келип жатканы боюнча биз көзөмөлдөп, ага кантип каршы турууга болорун аныктамакпыз”, — дейт ал. (цитата Kaktus.media’дан).

Бирок ал кезде бул идея сунуш бойдон эле калган болчу.

“Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фондунун жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, 2019-жылы августта Экономика министрлиги дагы ушул сыяктуу демилге менен чыккан. Аткаминерлер “Ишкерлик субъектилерин текшерүү тууралуу” мыйзамдын аракеттерин коммерциялык эмес уюмдарга дагы жайылтууну сунушташкан. Бирок укук коргоочулар анда мыйзам долбоорун кайра чакыртып алууга жетишишкен.

Ал эми ушул жылдын 15-январында парламенттин депутаты Гүлшат Асылбаева “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Бул документке ылайык, Салык кызматы коммерциялык эмес уюмдарга салык постун орнотмок, тагыраак айтканда, алардын ишмердүүлүгү дайыма көзөмөлдөнөт. Аны менен катар эл аралык долбоорлор жана программалар менен иштеген кызматкерлерге патент менен иштөөгө тыюу салат. Бул фотографтардын, котормочулардын, транспорттордун кызматына дагы тиешелүү болот.

«Партнерская группа Прецедент» коомдук бирикмеси өзүнүн укуктук анализинде мындай өзгөртүүлөр үчүн зарыл муктаждык документтин негиздемесинде көсөтүлбөгөнүн белгилейт. Ошого карабай, фискалдык органдарга коммерциялык эмес уюмдардын ишине аралашууга кеңири ыйгарым укуктар берилгенин айтат.

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна жобо” жогорку коррупциялык факторлорду камтып, фискалдык органдардын коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө кеңири ыйгарым укуктарды берип койгон”, — деп жазылат укуктук анализде.

“Жакшы эмес” көңүл буруу

Азыркы мыйзам долбоору дагы колдоо тапкан жок. Кыргызстандагы бизнес-ассоциациялар жана эксперттик коммерциялык эмес уюмдар дагы бул жаңы демилгеге каршы кайрылуу менен чыгышты. Алар белгилегендей, бейөкмөт уюмдарга кошумча көзөмөл орнотууга кайрадан аракет жасалып жатканынан кабар берет жана буга коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө “жакшы эмес” көңүл буруусу далил болуп турат.

«Ар бир бизнес-ассоциация, профессионалдык эксперттик коммерциялык эмес уюм дайыма өзүнүн кадыр-баркына кам көрөт, диалогго ачык жана ишмердүүлүгүн абсолюттук түрдө ачык жүргүзөт. Ошондуктан, салыктар жөнүндөгү мыйзамдын жобосун кармануу, коррупцияга каршы күрөш маселеси биз үчүн биринчи орунда жана бул кадыр-баркыбыз үчун керек нерсе”, — деп айтылат кайрылууда.

Клара Сооронкулова. Photo: elgezit.kg

Бейөкмөт уюмдардын мамлекет алдында отчет берүүгө каршы чыгып жаткан мындай аракеттер – бул ачыктуулуктан баш тартуу эмес экенин белгилейт Жогорку Соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова, бул ачыктуулукту донорлор өзүлөрү дагы талап кылышат да. Анын айтымында, тобокелчилик башка жерде – ар бир тыюу салуу – бул текшерүүлөр, ал эми текшерүүлөр – бул дайыма коррупция.

“Орусиядагыдай эле көрүнүштөр болот. Ал жакта чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам кабыл алышканда, донордук акчалар түшпөй калган. Ал эми донордук акчалар социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Макул, Орусияда социалдык долбоорлорду, коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн мамлекет өзү каржылайт. Ал эми биздин мамлекет каржылай албайт жана коммерциялык эмес уюмдар жок болуп кетет”, — дейт Сооронкулова.

Эксперттердин айтымында, бул демилгенин артында ички саясий гана себептер эмес, геосаясий кызыкчылыктар дагы болушу мүмкүн. Ошол эле Орусияда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам 2012-жылдан бери иштеп келет, 2017-жылы болсо “ММК-чет элдик тыңчылар жөнүндө” мыйзам пайда болгон, ал эми 2019-жылдын декабрь айында “чет элдик тыңчы” статусун физикалык тараптарга дагы ыйгара башташкан.

“Кичинекей мамлекеттин эркиндигинин деңгээли дээрлик аймактын бардык өлкөлөрүндөгү кырдаалдарга таасир этиши мүмкүн. Мына ошонүчүн авторитардык Орусия кыргыз коомчулугундагы коммерциялык эмес уюмдардын ойноп жаткан ролунан кабатыр болушу мүмкүн”, — дейт “Мамлекеттик саясатты анализдөө борбору” коомдук фондунун жетекчиси Алмаз Тажибай.

Аида Алымбаева. Фото Facebook’тагы жеке баракчасынан алынды

Саясат таануучу Аида Алымбаева эгерде бул мыйзам долбоору күчкө кирсе Кыргызстандын социалдык тармагына чоң зыян алып келет, анткени, бул тармактарга мамлекет аз көңүл бурат. Бирок бул багыттарда коммерциялык эмес уюмдар иш алып барып келет.

«Бул тармактарга колдоо керек. Бирок мамлекет эмне кылып жатат? Коммерциялык эмес уюмдарды колдогондун ордуна алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат. Мындай кысымдар бийликке дагы, коомго дагы пайда алып келбейт”, — дейт ал.

Андан сырткары Чолпон Жакупова 29-январда тегерек үстөлдө сүйлөгөн сөзүндө бул мыйзам Конституциянын биригүү эркиндиги боюнча адам укуктарын чектөө, негиздөө боюнча талаптарына каршы келет.

«Бейөкмөт уюмдардын отчеттуулугу боюнча нормаларды кайра кайталоодо. Ачык эле дискриминация байкалып жатат, себеби коммерциялык эмес уюмдардын үч түрүнө гана киреше булактарын көрсөтүү, кызматкерлеринин айлык-акысын көрсөтүү, штаттык курамы боюнча отчет берүү талабы коюлуп жатат. Бул каралоого, аңдууга жана зомбулукка алып келе турган коркунучтуу демилге”, — дейт укук коргоочу.

Мунара Боромбаева

Айдана Абдуваитова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты