Шашылыш билдирүү! Кар көчкү коркунучу бар

  • 4 года мурун

16-17-февралдарда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондору менен ашууларында көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында , Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Ушундай эле кооптуулук Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымдагы аймактарында да бар. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. ӨКМ жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты