​Бүгүн Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 31 жыл болду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Оооганстандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

“Бүгүн Совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылып, өз мекенине кайтканына 31 жыл толду. Афган согушуна жети миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан, алардын ичинен 233 адам курман болгон, 1500 адам жаракат алган.

Биздин жоокерлер катаал шарттарда өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышкан.

Жогорку кесипкөйлүктү, баатырдыкты жана кайраттуулукту көрсөтүшкөн.

Бүгүн, урматуу афган согушунун ардагерлери, өлкөбүздүн турмушуна активдүү катышып жатасыздар. Сиздер күжүрмөн боордоштуктун салтын сактап калдыңыздар.

Азыркы күндө коопсуздук күчтөрдүн авангардынын бир бөлүгү катары, турмуш кыйынчылыктарын жеңип, жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып келесиздер.

Сиздердин атуулдук позицияңыздар, жигердүү ишмердигиңиздер өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн керек.

Жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүүгө, аскердик салттарды жеткирүүгө жана республикабыздын коопсуздугун бекемдөөгө мындан ары да жигердүү катыша бересиздер деп ишенем.

Сиздерге ден соолук, бактылуу жашоо жана ийгиликтерди каалайм» деп айтылат кайрылууда.

Сүрөт: www, bv,kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты